Чүйдө корей салатын чыгарган ишкана жаңы техникалуу болду

Чүй облусунда корей салатын жасаган “Айджен Компани” ЖЧКсы компаниясы жакында Кытайдан заманбап техникаларды алып келишти. Бул компания күнүнө 4 тоннага чейин капустаны кайра иштетүүгө жетишет.Аталган компаниядан чыккан продукция Кргызстандынын базарларынан сырткары Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолот.Бул компания өздөрүнүн аянты 9 гектарды ээлеген күнөсканасында керектүү сырьёну өндүрөт. Компания 10 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келсе, учурда 12 киши…

Кененирээк

Министрлер Кабинети күйүүчү майга салыктарды сентябрдын аягына чейин төмөндөтүүнү сунуштоодо

Экономика жана коммерция министрлиги күйүүчү-майлоочу майларга салыктык жүктөмдү убактылуу төмөндөтүү боюнча токтом долбоорун иштеп чыкты. Документ кабыл алынса, ал 2026-жылдын 30-сентябрына чейин колдонулат. Дизель майы үчүн максималдуу жеңилдиктер сунушталууда: КНСти 0%га чейин, акциз салыгын да тоннасына 0 сомго чейин түшүрүү каралган. АИ-92 бензини үчүн КНСти 8%га, акцизди тоннасына 5 000 сомдон 3 000 сомго чейин…

Кененирээк

Алай районунда европалык технология менен форель өстүрүлүүдө

2026-жылдын 12-майында Согонду айылы аймагындагы “Алай Тейит” балык чарбасында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө балык чарбасына форель балыгынын икралары Дания, Испания жана Турция мамлекеттеринен алынып келери аныкталды. Жылына 500 миң даана икра өндүрүлөт. Ал эми балыктын жеми Европа өлкөлөрүнөн жана Иран…

Кененирээк

Чүйдө балдардын жалаягын жана гигиеналык каражаттарды чыгаруучу ишкана ачылды

Чүй облусунда балдардын жалаяктарын жана санитардык-гигиеналык каражаттарды чыгаруучу «Бренд КГ» ишканасы ишке кирди. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, бул мындай продукцияны чыгарган алгачкы ата мекендик өндүрүш болуп саналат. Өндүрүштүк комплекс «Ак-Чий» эркин экономикалык аймагында жайгашып, керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Ишкана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана импортту алмаштырууга багытталган. Келечекте продукцияны…

Кененирээк

Жүргүнчүлөр эми “Манас” аэропортуна жаңы жерден кирип-чыгышат

Аэровокзал комплексинин жаңы бөлүгү пайдаланууга берилип, кирүү жана чыгуу батыш тарабында жайгашты. Реконструкциянын алкагында жаңы күтүү залдары жана каттоо аймактары иштей баштап, стерилдүү зона жаңыланды. Бул аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртат. Аэровокзалдын эски бөлүгү реконструкцияга жабылды.

Кененирээк

Пекинде Си Цзиньпин менен Дональд Трамптын жолугушуусу башталды

Бул — АКШ президентинин акыркы 9 жылда Кытайга жасаган алгачкы сапары. Кытай лидери эки өлкө атаандаш эмес, өнөктөш болушу керектигин белгилеп, кызматташуудан эки тарап тең утушта болорун, ал эми каршылашуудан зыян тартарын айтты. Трамп АКШ менен Кытайды алдыда “укмуштуудай келечек” күтүп турганына үмүт артарын билдирип, Вашингтон Пекин менен тең ата бизнес жүргүзөрүн убадалады. АКШ президенти…

Кененирээк