Чүйдө балдардын жалаягын жана гигиеналык каражаттарды чыгаруучу ишкана ачылды

Чүй облусунда балдардын жалаяктарын жана санитардык-гигиеналык каражаттарды чыгаруучу «Бренд КГ» ишканасы ишке кирди.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, бул мындай продукцияны чыгарган алгачкы ата мекендик өндүрүш болуп саналат.

Өндүрүштүк комплекс «Ак-Чий» эркин экономикалык аймагында жайгашып, керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Ишкана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана импортту алмаштырууга багытталган.

Келечекте продукцияны Борбор Азия өлкөлөрүнүн рынокторуна жеткирүү пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *