Кыргызстанда жаныбарлар үчүн вакциналарды чыгаруучу жаңы завод куруу пландалууда

Эрлист Акунбеков бул демилге импортко көз карандылыкты азайтып, мал ооруларын көзөмөлдөөнү күчөтөрүн белгиледи.

Долбоордун баасы болжол менен 10 млн долларды түзөт. Жаңы завод өндүрүштү кеңейтип, заманбап технологияларды киргизүүгө шарт түзөт.

Долбоор «Алтын Тамыр» компаниясы менен биргеликте ишке ашат. Азыркы учурда бул ишкана өлкөдөгү жалгыз биопрепарат өндүрүүчү болуп саналат жана продукциясын чет өлкөлөргө экспорттойт.

Бул долбоор стратегиялык мааниге ээ болуп, мамлекет тарабынан колдоого алынып, жеңилдетилген каржылоого мүмкүнчүлүк берилери айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *