Астана шаарында Чынгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган маданий иш-чаралар өтүүдө

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония Астана шаарындагы Калибек Куанышбаев атындагы Казак улуттук музыкалык-драма театрынын сахнасында Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган «Раймалы менен Бегимай» жана «Жамийла» этно-мюзиклдерин тартуулоодо.

17-март күнү театрдын сахнасында «Раймалы менен Бегимай» этно-мюзикли көрсөтүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри Нурбек Саясат, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, жазуучунун уулу Эльдар Айтматов, Казакстандын маданият жана маалымат министринин орун басары Айбек Сыдыков, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев, казак элинин маданият ишмерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

2026-жылдын 18-мартында ошол эле театрдын сахнасында көрүүчүлөргө Чынгыз Айтматовдун ушул эле аталыштагы чыгармасынын негизинде коюлган «Жамийла» мюзикли сунушталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *