Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакча курулууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн курула турган «Үмүт чырагы» бала бакчасынын курулушуна мезгил кутучасын салды.

“Бул курулуш биздин балдарыбызга болгон чоң камкордуктун белгиси. Өзгөчө балдар үчүн атайын шарттары каралган мындай чоң үмүттүн символу болгон бала бакчанын курулушу коомубуз үчүн да, ата-энелер үчүн да чоң кубаныч”, – деди Адылбек Касымалиев.

Долбоордун алкагында жалпы аянты 3467 чарчы метрди түзгөн, 250 орундуу эки кабаттуу заманбап бала бакча курулат. Гимнастика, логопед, окуучу бөлмөлөрү бар, атүгүл контакттуу зоопаркы бар бул бала бакчада балдардын өнүгүшү үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Министрлер Кабинетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы бала бакча менен камсыз кылуу көрсөткүчү 28,3% түзгөн. 2025-жылы бул көрсөткүч 51%га чейин өскөнү айтылды. Учурда Кыргызстан боюнча 2344 бала бакчада 320 миңден ашуун бала тарбияланууда.

Мындан тышкары, 2030-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылууну 80%га жеткирүү максаты коюлган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *