Бүгүн, 30-январда, саат 8:54төр чамасында Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Нарын шаарынан түштүк-батышты көздөй 24 км аралыкта жайгашкан.
Силкинүү төмөнкү аймактарда сезилди:
Жан-Булак жана Достук айылдарында — болжол менен 3,5 балл
Таш-Булак, Куланак, Миң-Булак айылдарында — 3 балл
Нарын шаарында — 2,5 балл
