Кабмин жер тилкелерин берүү тартибин өзгөртүү маселесин карады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги жыйынды өткөрдү. Жыйында айрым чечимдерди Кыргызстандын жаңы редакциядагы Жер кодексине ылайык келтирүү боюнча токтом долбоору каралды. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди берүү, ижарага алуу, пайдалануу жана жер кадастрын жүргүзүү тартиптерине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул өзгөртүүлөр улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн жер тилкелерин берүүнү жеңилдетүүгө багытталган. Ошондой эле жер берүү…

Кененирээк

Бишкектеги 30дан ашык мектеп онлайн окууга өтөт

Бишкекте 21–23-май күндөрү Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу 30дан ашык мектеп убактылуу дистанциялык окууга өтөт. Онлайн форматта №1, 4, 6, 9, 10, 11, 13, 20, 24, 29, 38, 39, 40, 47, 50, 55, 62, 63, 64, 65, 66, 68, 69, 70, 72, 73, 75, 84, 88, 93, 96, 100, 101, 102 жана 103-мектептердин окуучулары билим алышат.

Кененирээк

Бишкекте «ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалы өтөт

27–31-майда Бишкек шаарында салттуу маданият жана колөнөрчүлүк боюнча «ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалы өтөт. Ага Кыргызстан баардык аймактарынан, Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринен 150дөн ашуун кол өнөрчү, дизайнер, сүрөтчү жана креативдүү тармактардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Фестивалдын коноктору эл аралык кол өнөрчүлөр жарманкесине, fashion кинокөрсөтүүлөргө катыша алышат. Ошондой эле шырдак, ала кийиз,…

Кененирээк

Бишкекте «Советтик кинодогу мыкты ырлар» аттуу концерт өтүүдө

Маданий иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтүп жатат.  Бул жерде бир убакта элдин сүймөнчүлүгүнө айланган «Остров невезения», «Как молоды мы были», «Старый клён» сындуу ырлар жаңырууда.  Иш-чараны Бишкектеги «Русский дом» борбору Россиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурган.

Кененирээк

Самокаттардын ылдамдыгын 15 км/саатка чейин түшүрүү сунушталды

Бишкекте самокаттардын ылдамдыгын 15 км/саатка чейин түшүрүп, эрежени бузган компаниялар жоопко тартылат. Учурда самокаттардын максималдуу ылдамдыгы 25 км/саат. Бул жөө адамдарга, өзгөчө балдарга, кары-картаңдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кооптуу экени белгиленген. Мындан улам анын ылдамдыгын 15 км/саатка чейин түшүрүү сунушталды. Ошондой эле самокаттарды ижарага берген компаниялар ылдамдык чектегичтерин өчүргөн же айланып өткөн учурда жоопкерчиликке тартылышы…

Кененирээк