Россия 15 миң студентке ылайыкталган КРСУнун жаңы кампусунун курулушун каржылайт

Владимир Путин Кыргызстандагы Славян университети үчүн масштабдуу билим берүү комплексин түзүү жөнүндө келишимди ратификациялады. Долбоор кампусту Россиянын каражатынын эсебинен толук материалдык-техникалык жактан жабдууну карайт. Кыргызстандын өкмөтү, өз кезегинде, 30 гектардан кем эмес жер тилкесин бөлүп берүүгө жана болочок объекттерге бардык зарыл болгон инженердик коммуникацияларды туташтырууга милдеттенет. Жаңы шаарчанын инфраструктурасы жогорку технологиялык лабораторияларды, студенттер үчүн турак…

Кененирээк

АКШ Ормуз кысыгында калган кемелерди чыгаруу операциясын баштайт

АКШнын деңиз күчтөрү бүгүн Ормуз кысыгында кармалып турган чет элдик соода кемелерин коопсуз чыгара баштайт. Бул тууралуу президент Дональд Трамп Truth Social баракчасына жазды. Анын айтымында, Project Freedom деп аталган операция гуманитардык мүнөзгө ээ. Анын максаты Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга тиешеси жок, бирок кысыкта калып калган кемелерге жана алардын экипаждарына жардам берүү. Трамп айрым кемелерде азык-түлүк,…

Кененирээк

Кыргызстанда “Өчпөс полк” акциясынын жол картасы жана графиги жарыяланды

Кыргызстанда 9-май — Жеңиш күнүнө карата “Өчпөс полк Кыргызстан” акциясы өтөт. Бул тууралуу акциянын уюштуруучулары билдиришти. Уюштуруучулар жарандарды ата-бабаларынын, согуш ардагерлеринин сүрөттөрү менен жүрүшкө чыгууга чакырууда. Эгер сүрөтү жок болсо, гүл алып келип, эскерүү жүрүшүнө кошулса болору айтылды. Бишкек Чогулуу убактысы жана жери:🕗 9-май, саат 08:00 — Дайыр Асанов атындагы парктагы Түштүк дарбазанын жанында. Жүрүш…

Кененирээк

Дагестандан Ош шаарына авиакаттам ачылат

Red Wings авиакомпаниясы Дагестандан Ош шаарына (Кыргызстан) түз каттамдарга билет сатууну баштады. Бул тууралуу «Это Кавказ» порталы жазды. Маалыматка ылайык, алгачкы учуу 3-июнда ишке ашат. «Жаңы эл аралык маршрут алгачкы жолу ачылып жатат. Бул Улуу Жибек жолунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири — Ошко барууну кыйла жеңилдетет. Оштогу туристтерди өзүнө тарткан негизги жай…

Кененирээк

Кыргызстандын курамасы ат спорту боюнча эл аралык мелдеште 4 медаль жеңди

Ат спорту боюнча Дүйнө кубогунун тандоо турнири 23-апрелден 3-майга чейин Ташкент шаарында өттү. Анда кыргызстандык спортчулар конкур жана выездка боюнча күч сынашты. Ринат Галимов конкур боюнча эки алтын жана бир коло медаль жеңди. Ал 135 сантиметрге чейинки тоскоолдуктар боюнча 1-орунду, 130 сантиметрлик маршрутта 3-орунду ээледи. Ошондой эле Six Bar багытында 175 сантиметр бийиктикти багындырып, казакстандык…

Кененирээк