Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн арасында экономикалык өсүш боюнча жогорку көрсөткүчтөрүн сактап калды

Бул тууралуу журналисттерге Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Каныбек уулу Элимбек билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Шымкент шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп, анда Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өткөн жылдагы макроэкономикалык абалы жана 2026–2027-жылдарга карата божомолдору боюнча баяндама сунушталган.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясынын өсүшү 1,7 пайызды түзгөн. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 11,1 пайызга жеткен.

Биз акыркы жылдары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында ИДПнын өсүшү боюнча лидер болуп келатабыз жана бул тенденция сакталып жатат»,-деди ал.

Евразия экономикалык комиссиясынын божомолуна ылайык, Кыргызстандын экономикасы 2026-жылы 8,6 пайызга, ал эми 2027-жылы 8,9 пайызга өсөт деп күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *