29 жаштагы Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетине президент болду

Шайлоо аяктаганын комитеттен билдиришти.

Буга чейин 3 талапкердин ысымы айтылган болчу. Бирок Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев менен Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев талапкерликтен баш тартты.

Триатлончу Оморканов 2021-жылдан бери Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) вице-президенти, Кыргызстандын Хоккей федерациясынын башкы катчысы болуп иштеген.

Париж Олимпиадасынан кийин Улуттук олимпиадалык комитетти Умбеталы Кыдыралиев жетектеп келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *