27-декабрга карата Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкандардан өткөн жылга салыштырымалуу 7 880 тоннага көп аштык буудай сатып алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана өнөр жай министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, сатылып алынган 30 миң 380 тонна буудайдын сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн эмес жана илешкектиги (клейковинасы) 23% кем эмес.

Белгиленгендей, ушуну менен быйылкы жылга сатып алуу иштери аяктады. Былтыр бул көрсөткүч 22миң 500 тоннаны түзгөн.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *