Катардын борбору Доха шаарында 2024-жылы Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн туристтик роуд-шоу өткөрүлөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев менен Катардын элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марринин жолугушуусунда айтылды.

Анда туризм тармагындагы ар тараптуу байланыштарды түзүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлөт. Туризм департаментинен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу күн мурун Бишкекте өткөн.

Анын жүрүшүндө бир катар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашылды.

Ошондой эле эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында өлкөлөр ортосундагы активдүү кызматташууну улантуу чечими кабыл алынды.

Катар менен туризм чөйрөсүндө бир нече биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүүдө. Азыркы учурда Кыргызстан Доха шаарындагы Катар-ЭКСПОго активдүү катышууда. Кыргызстандын павильону ЭКСПОго келүүчүлөр үчүн жергиликтүү өндүрүштөгү продукциялары менен улуттук стилде коюлду“, – деп айтылат маалыматта.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *