Өзбекстан армиясы күчөтүлгөн режимге өттү

Шавкат Мирзиёев Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында коргоо министри армиянын күжүрмөн даярдыгы жана техникалык жабдылышы тууралуу баяндама жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу төмөнкү тапшырмалар берилди.Билдирүүдө туруксуз эл аралык шартта өлкөнүн коргонуу жөндөмүн бекемдөө өзгөчө мааниге ээ экени белгиленген.

Эске салсак, Казакстан да бардык күч түзүмдөрүн суткалык иш режимине өткөргөн.

28-февралда Израиль жана АКШ Иранга аба жана ракеталык соккуларды баштаган. Тегеран жооп иретинде Израилге жана аймактагы америкалык аскер базаларына сокку урган.

АКШ президенти Дональд Трамп «Эпикалык каар» аттуу аскердик операция башталганын билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *