Иранда АКШ жана Израилдин соккуларынан 787 адам каза болду

Ирандын Кызыл Жарым Ай коому АКШ жана Израил тарабынан жасалган соккулардын натыйжасында 787 адам каза болгонун билдирди. Бул тууралуу Al Jazeera маалымдады.

Маалыматка ылайык, укук коргоочу Human Rights Activists in Iran (HRANA) уюму 742 жайкын тургун каза тапканын, алардын арасында 176 бала бар экенин билдирди.

Минаб шаарында башталгыч мектепке жасалган чабуулдан каза болгон 165 кыздын сөөгү жерге берилгени айтылды.

Кызыл Жарым Айдын маалыматына караганда, өлкөнүн 153 аймагына жалпысынан 1 039 ракеталык сокку урулуп, 504 объект талкаланган.

Ошол эле учурда Израиль Ливандын түштүгүндө кургактагы аскердик операциясын баштаганын жарыялады. Израилдин коргоо министри Исраэль Кац аскерлерге «Ливанда кошумча стратегиялык аймактарды басып алуу жана чабуулду күчөтүү» боюнча буйрук берилгенин айтты.

Билдирүүдө бул аракеттер Израилдин чек ара аймактарын аткылоолордон коргоо максатын көздөй турганы белгиленген.

Израил армиясы — ЦАХАЛ — Түштүк Ливан аймагына кирип, бир катар позицияларды көзөмөлгө алганын маалымдады. Аскерлердин негизги максаты катары Хезболла кыймылынын инфраструктурасына сокку уруу көрсөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *