Бүгүндөн тарта Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар жанданарын элчи Улукбек Марипов билдирди. Рейстер жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү болот.
Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси бул каттамдар менен биринчи кезекте буга чейин билеттерин алып, бирок уча албай калган мекендештер келерин билдирди. Марипов Жидда — Бишкек боюнча да каттамдарды жандандыруу маселеси талкууланып жатканын кошумчалады.

