Иран ШКУ банкын түзүүнү сунуштады

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Бишкекте өткөн ШКУ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган үч демилгени көтөрдү. Бул тууралуу Tasnim агенттиги жазды.

Ал ШКУ банкын, экспортту камсыздандыруу жана инвестициялык биримдигин, ошондой эле энергетикалык консорциум түзүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, Пезешкиан жаңы коркунучтарды аныктап, аймактагы туруктуулукту чыңдоочу стратегиялык коопсуздук изилдөөлөр борборун ачууну демилгеледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *