Бишкекте автобустун айдоочуларына эмгек акы ишинин сапатына жараша төлөнөт

Борбор калаанын мэриясы киргизген жаңы системага ылайык, автобус айдоочусунун эмгек акысынын өлчөмү иштин талаптарынын аткарылышына, жумуш убактысынын нормасынын сакталышына жана иштин сапатына жараша аныкталат. Тактап айтканда, айдоочунун ишине байланыштуу даттануу келип түшүп, ал тастыкталган учурда эмгек акынын өлчөмү 20 пайызга чейин азайтылышы мүмкүн. Ошондой эле белгиленген жумуш убактысынын нормасы аткарылбаган учурда төлөмдүн өлчөмүн азайтуу каралган….

Кененирээк

Сузак жана Чаткалдагы окуучулардын өлүмүнөн кийин милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды

Бул тууралуу ИИМдеги маалымат жыйында билдиришти. Ошондой эле балдар тарабынан жасалган кылмыштардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 41%га азайганы айтылды. Эки райондо тең окуучулар токмок жеп каза болушкан. Чаткалда төрт шектүү кармалса, Сузакта чоң класстын эки окуучусу кармалган.

Кененирээк

Шайлоого барбасаң — бир күндүк айлык жок. Маматалиев жаңы тартипти түшүндүрдү

Президенттик шайлоого 2027-жылдын 27-январында катышпаган жарандарга ошол күн үчүн эмгек акы эсептелбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Шайлоо биринчи жолу шаршемби күнү өтөт — жумуш күнүн тандоо менен шайлоочулардын катышуусун көбөйтүү көздөлүүдө. Маматалиевдин айтымында, добуш берүүгө катышкан жарандардын эмгек акысы сакталат, ал эми тиешелүү тизмелерди БШКдан алууга болот. Учурдагы мыйзамда…

Кененирээк

Ысык-Көлдө суунун сапаты текшерилип жатат

Кыргызгидрометтин адистери ар кандай тереңдиктен сыноо үчүн суу алышууда. Изилдөөнүн максаты — суунун учурдагы абалы тууралуу так жана объективдүү маалымат алуу, көлдүн экосистемасына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон факторлорду өз убагында аныктоо. Мониторинг жылына эки жолу — туристтик сезон башталганга чейин жана аяктагандан кийин өткөрүлөт. Бул нерсе климаттын өзгөрүшүнөн, адам факторунун оорлошунан жана туристтик активдүүлүктүн өсүшүнон улам…

Кененирээк

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда

21–23-сентябрда Алматыда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өттү. Тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Негизги маселелер — долбоорду башкаруу, каржылоо жана үч өлкөнүн аракеттерин координациялоо. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү байкоочу катары катышты. ГЭСтин кубаттуулугу 1 860 МВт, жылдык орточо электр энергиясын өндүрүүсү 6 млрд кВт·саатка жакын болот.

Кененирээк

Азия оюндары: Кыргызстандык суучул Денис Петрашов күмүш утту

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарында күмүш медаль утту. 24-сентябрда 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү жарышына 24 спортчу катышкан. Жарыштын биринчи бөлүгүндө кыргызстандык суучул 2 мүнөт 11,13 секунд убакыт менен жеңип, финалга чыкты. Финалдык жарышта Петрашов 2 мүнөт 8,67 секунд убакыт менен экинчи болуп келип, күмүш медалга ээ болду. Ал дүйнөлүк…

Кененирээк