Кыргызгидрометтин адистери ар кандай тереңдиктен сыноо үчүн суу алышууда.
Изилдөөнүн максаты — суунун учурдагы абалы тууралуу так жана объективдүү маалымат алуу, көлдүн экосистемасына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон факторлорду өз убагында аныктоо.
Мониторинг жылына эки жолу — туристтик сезон башталганга чейин жана аяктагандан кийин өткөрүлөт. Бул нерсе климаттын өзгөрүшүнөн, адам факторунун оорлошунан жана туристтик активдүүлүктүн өсүшүнон улам өтө маанилүү.
Жакында эле президент БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, соңку кездери Ысык-Көлдүн суусунун деңгээли жылына 7 сантиметрге төмөндөп жатканын билдирди. Садыр Жапаров дүйнөлүк коомчулукту БУУнун алкагында Ысык-Көлдү сактап калуу боюнча трасттык фонд түзүүгө чакырды.


