21–23-сентябрда Алматыда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өттү.
Тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун талкуулашты.
Негизги маселелер — долбоорду башкаруу, каржылоо жана үч өлкөнүн аракеттерин координациялоо. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү байкоочу катары катышты. ГЭСтин кубаттуулугу 1 860 МВт, жылдык орточо электр энергиясын өндүрүүсү 6 млрд кВт·саатка жакын болот.
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда


