Кыргызстанда салык боюнча AiSalyk жасалма интеллекти иштей баштады

24/7 иштеген виртуалдык жардамчы кыргыз жана орус тилдеринде кол кабыш кыла алат. AiSalyk сайтта жалпы суроолорго жооп берсе, ал эми жеке кабинетте салык төлөөчүнүн маалыматына жараша кеңеш берет. Келечекте отчет жана декларацияларды толтурууга да жардам берери пландалууда. Бирок ал салыкчы адамдын ордун баспайт, кененирээк жооп керек болсо адиске кайрылуу кажет.

Кененирээк

Кыргызстанда эт маселесин жөнгө салуу пландалып жатат

Экономика министрлиги товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтыруу боюнча ушул жана кийинки жылдарга иш-чаралар планын иштеп чыкты. Эт боюнча долбоордун негизги пунктулары: Казакстан, Россия жана Беларустан (ЕАЭБ өлкөлөрү) кеминде 20 миң уй жана бука сатып алуу. Бул рынокту мал менен толтурууга жана асыл тукум малдын төлүн жакшыртууга жардам берип, натыйжада эт көбөйтөт Этти жана азыктарды…

Кененирээк

Кыргызстан Кытайга дан азыктарын «Торугарт» өткөрмө пункту аркылуу экспорттой турган болду

Бул «Эркеч-Тамдагы» жүктөмдү азайтып, экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт. Айыл чарба министри Кытайдын Бажы башкармалыгынын жетекчиси менен жолугушуп, маселени макулдашты. Мындан тышкары, тараптар «Торугарттын» иштөө убактысын узартууну да талкуулашты.

Кененирээк

Эми президенттикке талапкерди колдоп, кол чогултуу  «Түндүк» аркылуу жүргүзүлөт

Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү жобо бүгүн, 23-сентябрда кабыл алынганын кабарлады. Ага ылайык, кол чогултуу автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу, «Түндүк» порталынын жардамы менен жүргүзүлөт. Ал жактан шайлоочунун өздүгү тастыкталып, анан тандаган талапкерге колдоосун билдире алат.  Бул процессти автоматташтырууга, кагаз документтерин азайтууга, убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле чогултулган колдордун саны тууралуу маалыматтарды ыкчам алууга шарт түзүп,…

Кененирээк

Кыргызстанда тамеки жана стиктер кымбаттайт

Министрлер кабинети тамекилерге жана тамеки стиктерине жаңы минималдуу бааларды белгиледи. 2027-жылдын 1-январынан тартып бир кутунун баасы кеминде 135 сом болушу керек. Андан кийин минималдуу баа 2028-жылы 150 сомго, ал эми 2029-жылдан тартып 165 сомго чейин көтөрүлөт. Бул чечим калктын ден соолугун коргоо зарылдыгы менен түшүндүрүлдү. Бааларды Мамлекеттик салык кызматы көзөмөлдөйт.

Кененирээк