Министрлер кабинети тамекилерге жана тамеки стиктерине жаңы минималдуу бааларды белгиледи.
2027-жылдын 1-январынан тартып бир кутунун баасы кеминде 135 сом болушу керек. Андан кийин минималдуу баа 2028-жылы 150 сомго, ал эми 2029-жылдан тартып 165 сомго чейин көтөрүлөт.
Бул чечим калктын ден соолугун коргоо зарылдыгы менен түшүндүрүлдү.
Бааларды Мамлекеттик салык кызматы көзөмөлдөйт.
Кыргызстанда тамеки жана стиктер кымбаттайт


