Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү жобо бүгүн, 23-сентябрда кабыл алынганын кабарлады.
Ага ылайык, кол чогултуу автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу, «Түндүк» порталынын жардамы менен жүргүзүлөт.
Ал жактан шайлоочунун өздүгү тастыкталып, анан тандаган талапкерге колдоосун билдире алат.
Бул процессти автоматташтырууга, кагаз документтерин азайтууга, убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле чогултулган колдордун саны тууралуу маалыматтарды ыкчам алууга шарт түзүп, ачыктыкты камсыздары кабарланды.


