Кыргызстанда эт маселесин жөнгө салуу пландалып жатат

Экономика министрлиги товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтыруу боюнча ушул жана кийинки жылдарга иш-чаралар планын иштеп чыкты.

Эт боюнча долбоордун негизги пунктулары:

Казакстан, Россия жана Беларустан (ЕАЭБ өлкөлөрү) кеминде 20 миң уй жана бука сатып алуу. Бул рынокту мал менен толтурууга жана асыл тукум малдын төлүн жакшыртууга жардам берип, натыйжада эт көбөйтөт

Этти жана азыктарды ортомчуларсыз түз сатуу боюнча 100 түйүн ачуу

Тоют базасын кеңейтүү. Жүгөрү аянттарын көбөйтүү, эки тоют заводун жана төрт жем сактоочу жай куруу

10 миң баш малга ылайыкталган 200 короо-жай аянтчасын куруу жана 10 ири пилоттук мал чарбасын түзүү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *