Шайлоого барбасаң — бир күндүк айлык жок. Маматалиев жаңы тартипти түшүндүрдү

Президенттик шайлоого 2027-жылдын 27-январында катышпаган жарандарга ошол күн үчүн эмгек акы эсептелбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.

Шайлоо биринчи жолу шаршемби күнү өтөт — жумуш күнүн тандоо менен шайлоочулардын катышуусун көбөйтүү көздөлүүдө.

Маматалиевдин айтымында, добуш берүүгө катышкан жарандардын эмгек акысы сакталат, ал эми тиешелүү тизмелерди БШКдан алууга болот. Учурдагы мыйзамда добуш берүү күнү эс алуу күнү болуп эсептелери жана шайлоого катышканы ырасталган кызматкердин орточо бир күндүк эмгек акысы сакталары көрсөтүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *