Президент Садыр Жапаров бюджеттик тармактагы айрым кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду.
1-апрелден тартып:
— Билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат, спорт жана социалдык коргоо тармагындагы кызматкерлерге 1 ставка үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт.
— Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал, ошондой эле жарандык кызматкерлер үчүн 5 миң сом кошумча төлөм каралат.
1-сентябрдан тартып:
— Айрым мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акыларына 50%га чейин үстөк кошулат.
— Көпчүлүк ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине 15 миң сом өлчөмүндө компенсация белгиленет.
Айрым күч түзүмдөрү жана өзүнчө статусу бар органдар бул өзгөрүүлөрдөн тышкары калат.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

