“Эскерүү багы” акциясынын алкагында Манас шаарында 150 көчөт отургузулду

Манас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эл аралык “Эскерүү багы” акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Россотрудничествонун өкүлчүлүгү билдирди.

Акциянын алкагында Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын Достук паркына 150 бактын көчөтү отургузулду. Иш-чарага жалпысынан 300гө жакын адам катышкан.

Акцияга Жалал-Абад облусунун башчысы,Манас шаарынын мэри, Россиянын Оштогу башкы консулу, Россотрудничество жана “Кант” авиабазасынын өкүлдөрү катышты.

Паркка “Кайгырган эне” эстелиги, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон шаар тургундарынын ысымдары жазылган стела жана Баткен окуяларынын катышуучуларына арналган эстелик орнотулат.

Белгилүү болгондой, “Эскерүү багы” акциясы эки айга созулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *