Эмилбек Балтагулов Жалал-Абад облустук филармониясынын директорлугуна эмгек келишиминин негизинде 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.
45 жаштагы Эмилбек Балтагулов 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолу искусство жана маданият тармагында ар тараптуу тажрыйбага бай. Ош мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенген.
Чаткал районундагы маданият үйүндө көркөм жетекчи, Жалал-Абад облустук филармониясында артист жана директордун орун басары болуп иштеген.
Ошондой эле Жалал-Абад маданият техникумунун жана Барпы атындагы облустук кыргыз драма театрынын директору кызматтарын аркалаган.
«Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган. Мындан тышкары дагы бир катар сыйлыктардын ээси.

