Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Guipai Holding Group, Hunan Jingwei Real Estate Development жана «Инвесфонд Тенгри Инвест» компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушууда турак жай курулушу, кыймылсыз мүлк, шаардык комплекстер, инженердик жана социалдык инфраструктура долбоорлору талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдө кытайлык компаниялар Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, инвестицияларды коргоо, бизнес жүргүзүү шарттары жана мамлекеттик кепилдиктер маселесин көтөрүштү.
Равшанбек Сабиров өлкө инвесторлор үчүн тең шарттарды камсыз кыларын жана агенттик долбоорлорду бардык этаптарда коштоп жүрөрүн белгиледи. Жыйынтыгында тараптар инвестициялык демилгелерди мындан ары да иштеп чыгууну макулдашты.


