Кыргызстанда суу тартыштыгы болжолдонууда

Кыргызстанда кургакчылык мурдагыга караганда бат-бат кайталана баштады. Бул тууралуу жаратылыш илимдеринин доктору, суу жана тоо маселелери боюнча эл аралык эксперт Максат Анарбаев билдирди.

Анын айтымында, мурда суусу аз жылдар болжол менен он жылда бир катталса, кийинчерээк 7–5 жылда бир кайталана баштаган. Ал эми азыр кургакчылык дээрлик жыл сайын болуп калышы мүмкүн.

Эксперт келечекте суу тартыштыгы туруктуу көрүнүшкө айланышы ыктымал экенин белгиледи. Мунун негизги себептери катары ал климаттын өзгөрүшүн, парник газдарынын көбөйүшүн,
аба булгануусунун күчөшүн атады.

Мындан тышкары, анын айтымында, көмүрдү жана экологиялык абалды начарлаткан башка булактарды колдонуу да көйгөйгө өз таасирин тийгизүүдө.

Максат Анарбаев бул маселе өтө комплекстүү мүнөзгө ээ экенин айтып, аны чечүү үчүн системалуу мамиле керектигин баса белгиледи. Анткени көйгөйгө жаратылыш факторлору да, адамдын ишмердүүлүгү да таасир этүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *