Муфтият билдиргендей, Сауд Арабиясынын аймагына киргенде тартипти сактоо маанилүү. Бул бардык формалдуулуктардан тез өтүүгө жана убакытты үнөмдөөгө жардам берет.
Маалыматка ылайык, Nusuk картасы жок Мекке шаарына жана ыйык жайларга кирүү мүмкүн эмес. Бул карта негизги кызматтардан пайдаланууга да мүмкүнчүлүк берет. Аны сапарды уюштуруучулардан алууга болот. Санарип версиясы Nusuk жана Tawakkalna тиркемелеринде жеткиликтүү.
Ажылыктын негизги иш-чаралары 25-майда башталып, 29–30-майга чейин уланат. Ал эми эң маанилүү делген Арафат күнү — 26-майга туура келери болжолдонууда.


