19-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны өттү.
Анда социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди.
Жогорудагы жарандар жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январда өтөт.


