Алтынбек Рысбековдун айтымында, кышка даярдык боюнча пландалган иштер толугу менен аткарылууда. Учурда электр энергиясын пландуу өчүрүү же керектөөгө чектөө киргизүү каралган жок.
Бирок министр өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы бар экенин белгиледи. Аны жабуу үчүн быйыл 4 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын импорттоо пландалган.
«Абал таңкы жана кечки эң жогорку керектөө маалында татаалдашы мүмкүн. Бул учурда электр энергиясын сатып жаткан өлкөлөрдө да керектөө көбөйүп, Кыргызстанга кошумча кубаттуулук берүү мүмкүн болбой калышы ыктымал. Кубаттуулук жетишпей калса, тиешелүү чараларды көрүүгө туура келет», — деди министр.


