Кыргызстанда эндуро жана мототехника менен жайыттарга, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына уруксатсыз чыгуу учурлары көбөйдү.
Жаратылыш ресурстары министрлиги мындай хобби өлкөнүн уникалдуу экотутумуна зыян келтирбеши керектигин белгиледи.
Адистердин айтымында, жолсуз жерлерде жүрүү кыртыштын катмарын бузуп, малдын жайылышына тоскоолдук кылат жана жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнө зыян тийгизет.
Тоолордо жана көл жээктеринде мотоциклдердин жүрүшү топурактын эрозиясын жаратып, эс алуучулардын коопсуздугуна да коркунуч туудурат. Корук аймактарга уруксатсыз киргендерге жана жайыттарды бузгандарга 20 миң сомго чейин айып пул салынат.
Кыргызстанда мототехника сүйүүчүлөрүнө 20 миң сомго чейин айып пул салына баштады


