Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Панъевропалык климат жана ден соолук боюнча комиссиясы тарабынан уюштурулган климат жана ден соолук маселелерине арналган министрлердин иш-чарасына катышты.
КР Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы өз сөзүндө климаттын өзгөрүшү туруктуу өнүгүү жана саламаттык сактоо тутумдары үчүн, өзгөчө тоолуу географияга ээ мамлекеттер үчүн эң олуттуу глобалдык чакырыктардын бири болуп кала берерин белгиледи.
Министр Кыргыз Республикасы үчүн тоолуу аймактар калктын жашоо образы, мобилдүүлүгү жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жагынан өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.


