«Акыркы коңгуроо» иш-чарасына акча чогултууга тыюу салынат

Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында өткөрүлө турган «Акыркы коңгуроо» салтанатына бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден жана мыйзамдуу өкүлдөрдөн акча каражаттарын чогултууга тыюу салынарын эскертти.

Мындан тышкары, мугалимдерге же мектеп администрациясына белек алуу үчүн каражат чогултуу, мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштуруу, ата-энелерге материалдык басым көрсөтүү мыйзамсыз болуп эсептелет.

Агартуу министрлиги мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.

«Акыркы коңгуроо» салтанаты быйыл 29-майда өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *