АКШ Ирандын жээктеринде аскерий катышуусун кескин күчөттү. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы 48 саатта аймакка АКШнын деңиз күчтөрүнүн алтынчы кыйратуучу кеме — USS Delbert D. Black жетти.
Учурда Иранга жакын жерде толук аскерий эскадра жайгашкан. Анын курамында USS Abraham Lincoln аскер учак ташуучу кеме да бар. Бул Вашингтондун Тегеранга карата басымды күчөтүп жатканын көрсөтөт.
Reuters булактарынын айтымында, АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын күч түзүмдөрүнө жана өкмөттүк имараттарына сокку уруу варианттарын карап жатат. Максат — массалык нааразылык акциялары басылган соң өлкөдө бийликти алмаштырууга шарт түзүү.
Талкууланып жаткан багыттардын арасында режимге каршы чыккандарга карата зомбулукка жооптуу деп саналган башчыларга так соккулар, ошондой эле ракета инфраструктурасына жана өзөктүк объектилерге каршы ири операциялар бар.
