Кыргызстанда «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында «Автоураган» аппараттык-программалык комплекстерин ишке киргизүү уланууда.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан тартып алар Бишкекте, ошондой эле Бишкек — Кордай, Бишкек — Нарын — Торугарт, Бишкек — Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол жана Бишкек — Ош жолдорунун Чүй облусундагы тилкелерине орнотулду.
Бул комплекстер тагылбаган коопсуздук курун, каршы тилкеге чыгууну, ылдамдыкты ашырууну, жол белгилеринин талаптарын бузган учурларды каттайт. Мындан тышкары, «Коопсуз шаардын» камералары аркылуу түшкөн төлөнбөгөн айып пулдарды да аныктайт.


