Казакстан Кыргызстанга ун жеткирүүнү көбөйттү

2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын мартына чейин Казахстан 9,9 миллион тонна буудай жана ун экспорттоду. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга жеткирүүлөр кыйла өскөн:
233 миң тоннадан 393 миң тоннага чейин көбөйгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13%га жогору.

Ошондой эле Казакстан Өзбекстан, Түркмөнстан жана Афганистанга да экспортту көбөйткөн.

Министрликтин маалыматына караганда, быйыл 23,8 миллион гектар аянтка үрөн себүү пландалууда. Ал эми дан эгиндерине бөлүнгөн аянт 15,9 миллион гектарга чейин кыскартылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *