Иш-чарага Россиянин лидеринин чакыруусу менен Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери катышты. Мамлекет башчылары өз өлкөлөрүнүн оюнчулары менен эне тилдеринде саламдашышты.
Ачылыш аземден кийин президент Садыр Жапаров башка мамлекет башчылар менен биргеликте «Келечек оюндары» инсталляциясын жана «Digital Sport» жаңы дисциплиналары боюнча объекттерди көрүп чыкты.
«Келечек оюндары» – жогорку технологиялык спорттук шоу, ал өзүнө спорттун классикалык түрлөрү боюнча гибриддик спорттук мелдештерди жана алардан санариптик үлгүлөрүн камтыйт. «Оюндар» 2024-жылдын 21-февралынан 3-мартка чейин өткөрүлүүдө. Турнирге 107 өлкөдөн келген 270тен ашык команда жана 2000ден ашуун спортчулар катышууда.
Бул оюнга Ата мекендик спортчуларыбыздан Мирбек Бакиров жана Арсен Касымов спорттук программалоо боюнча күч сынашат.

