Кагаз түрүндөгү маалымкаттар жана иш кагаздар толугу менен жоюлат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинде өткөн кенешмеде маалым болду. Ведомстводон билдиришкендей, талкуу учурунда министр Нурия Кутнаева кагаз түрүндөгү малымкаттарды жана иш кагаздарын толугу менен жоюу керектигин белгилеп, электрондук форматка өтүү зарылдыгын белгиледи. Ал демилгеленип жаткан өзгөртүүлөр жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө жана мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын кошумчалады. Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги соттолбогондугу тууралуу маалымкатты алууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча бир топ иштерди жүргүздү, мындан ары бардык министрликтердин жана ведомстволордун кадр бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кызматка орношууда ал маалымкат талап кылынбайт. Алар бул маалыматты «Түндүк» тиркемеси аркылуу электрондук форматта, эгерде маалыматтар жок болсо, ыйгарым укуктуу органдан сурай алышат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *