Кыргызстан 18 тонна кылчык жүндү органикалык жер семирткич катары жана кайра иштетүү үчүн Монголияга экспорттоого даяр. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содн Ганхуяг менен жолугушуу учурунда билдирди.


Мекемеден билдиришкендей, жолугушууда тараптар айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана жергиликтүү продукцияны Монголияга экспорттоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.


Ошондой эле жолугушууда ветеринардык коопсуздук жана мал жандыктардан алынган продукциянын сапатын көзөмөлдөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Анын алкагында министрликке караштуу Ветеринардык кызматы менен Монголия өкмөтүнүн Ветеринардык кызматынын башкы башкармалыгынын ортосундагы меморандумга кол коюу маселеси талкууланды.


Аталган документ ветеринардык көзөмөл жана маалымат алмашуу чөйрөсүндө эффективдүү кызматташуунун пайдубалын түптөп, продукциянын сапатынын жана коопсуздугунун жогорку стандартын камсыз кылууга жардам берет.


Эки тарап тең өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жана бул багыттар боюнча өнөктөштүктү жигердүү өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.


Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *