Ош шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Шакиров көчөсүндө мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Рейддин алкагында аталган көчөдө жайгашкан ресторандар жана коммерциялык объектилер тарабынан жол тарапка мыйзамсыз чыгып кеткен бөлүктөрү такталып, тиешелүү өлчөө иштери жүргүзүлдү. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча объект ээлерине эскертүүлөр берилди.

Мэриянын маалыматына ылайык, аталган иш-чаралар шаардын архитектуралык көрүнүшүн сактоо, жол кыймылын камсыз кылуу, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатуу жана мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

