Евробиримдик “Керемет Банк” менен “Капитал Банкка” санкция салууну сунуштады

Reuters чектөөлөр Россияга криптоактивдер жаатындагы кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу экенин жазууда.

ЖМКлардын маалыматына караганда, санкцияларды айланып өтүүгө бөгөт коюучу механизмди ЕБ тарыхында биринчи жолу үчүнчү өлкөгө каршы колдонгону жатат.
Жаңы чектөөлөр Кыргызстанга металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, маалымат берүүчү байланыш жабдууларын, тагыраагы, модемдер менен маршрутизаторлорду жеткирүүгө тыюу салат.

Санкциялык тизмеге Лаостогу жана Тажикистандагы банктар дагы кириши мүмкүн. Эгер чечим кабыл алынса, аларга ЕБдеги жеке жана юридикалык жактар менен операция жүргүзүүгө тыюу салынат.

Евробиримдик санкцияларды кеңейтүүнү сунуштап, Россиянын мунайынын транзити үчүн Грузия жана Индонезиядагы портторду камтууну көздөөдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *