Профсоюз көчөсүн улантууда көрүстөн жылдырылбай турган болду

Мэриянын көчөнү узартуу учурунда мүрзөнүн бир бөлүгүн жылдыруу планы жергиликтүүлөр арасында талаш жараткан.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин буга чейинки эл менен жолугушуусунда имам менен епископ коомдук зарылчылык жаралган учурда инфраструктуралык долбоорго тыюу жок экенин билдирген.

Шаар башчысы кайрдан эл менен жолугуп, жол көрүстөндү айланып курулмай болгонун билдирди.

Муниципалитеттин маалыматында, көрүстөнгө 2022–2024-жылдары 50дөн ашык адамдын сөөгү коюлганы аныкталган. Шаардык бийлик санитардык талапка ылайык, азыр сөөк коюлган жайларды кайра казууга болбой турганын, бул жугуштуу оорулардын тарашына жана калктын саламаттыгына коркунуч жаратышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *