Бишкек–Ош жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү атып түшүрүлүүдө

Мындай аракет жол кырсыктарын алдын алуу жана каттамды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн көрүлүп жатат.

Транспорт министрлиги учурда Бишкек–Ош жолунун Өтмөк тилкесинде, Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында адистер иш алып барып жатканын кабарлады.

Ошондой эле Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы Долон ашуусунда жана Кара-Үңкүр капчыгайында кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери жүрүп жатат.

Мындай аракеттер 23-февралдан 28-февралга чейин уланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *