Кыргызстан эки учак жалдап Жакынкы Чыгыштагы 300 кишини алып кетүүгө макулдашты

Садыр Жапаров БАЭде учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу Оман менен сүйлөшүлгөнүн билдирди. Биринчи кезекте жаш балдар менен аялдар алып келинмекчи. «Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет”,— деп жазган президент. Белгилей кетсек, аталган аймакта 20 миңден ашык…

Кененирээк

УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгын Канат Табалдиев жетектейт

Ош облусунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бөлүмүнүн жаңы башчысы дайындалды. Канат Табалдиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аткарууга киришти. 3-мартта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев облустук мекеме-уюмдардын өкүлдөрүнө жаңы жетекчини тааныштырды. Канат Табалдиев…

Кененирээк

Кыргызстан өз жарандарын Жакынкы Чыгыштан алып келүү үчүн каттам уюштурушу мүмкүн

Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Омандын расмийлери менен кыргыз жарандарын эвакуациялоо үчүн рейстерди уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Министрлик Садыр Жапровдун тапшырмасы менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө кошумча маалымат бериле турганын билдирди. ТИМ Жакынкы Чыгышта жүргөн жарандарды этият болууга үндөп, кооптуу аймактардан оолак болууну жана документтерин дайыма жанында алып жүрүүнү эскертти.

Кененирээк

Быйыл жазгы талаа жумуштары эки жума эрте башталды

Кыргызстанда быйыл жазгы талаа иштери адаттагыдан эки жума мурда старт алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык тармагындагы чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идрисов билдирди. Анын айтымында, быйыл кыш жылуу болуп, жаз эрте келген. Дыйкандарга алдын ала сезонго даярдык көрүү — ным сактоо чараларын…

Кененирээк

МИК беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген келинге батир тапшырды

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берди. 30-жаштагы келин тууралуу материал соцтармакта жылуу пикирлерге алынып жаткан. Келин күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап жатканын журналисттерге билдирген.

Кененирээк

Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу жөнүндө макулдашуу колдоого ээ болду

2-мартта Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу» (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу) долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Алсак, аталган мыйзам…

Кененирээк

Кыргызстан жылына 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү пландоодо

Бишкек шаарында өткөн «Электромобилдүүлүк боюнча улуттук стратегияга карай» аттуу семинарда Кыргызстанга жыл сайын 15 миңге чейин электромобилди бажы төлөмсүз алып кирүү планы талкууланды. Бул тууралуу Климаттык каржылоо борбору билдирди. Өлкөдө 230дон ашык заряддоо станциясы бар. Анын 60ка жакыны Бишкекте жайгашкан 2022-жылы — 5 миңдей электромобил, 2023–2025-жылдары — жылына 10 миңге чейин бажы төлөмсүз квота, ал…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин ишин эми ЖИ-алып баруучулар чагылдыра баштайт

Жогорку Кеңештин тарыхында биринчи жолу парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн жасалма интеллект технологиясы киргизилди. «Мырза Мыйзам» жана «Айым Кеңеш кызы» аттуу ЖИ-теле алып баруучулар түзүлүп, алар депутаттардын иши, күндүн жыйынтыгы жана жума ичиндеги окуялар тууралуу санариптик форматта маалымат беришет. Маалыматта ЖИни колдонуу убакытты жана каржылык ресурстарды үнөмдөөгө, адам факторун азайтууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганы айтылды….

Кененирээк

Иран Ормуз кысыгын жапканын кабарлады

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) командачысынын кеңешчиси, генерал Эбрагим Жаббари чечим бардык кемелерге тиешелүү экенин айтты. Ормуз кысыгы — дүйнөдөгү мунай жана газдын 18-20% өткөн жол. Буга чейинки эсептөөлөргө ылайык, Иран кысыкты бир айга жапса, Евробиримдикте газдын баасы 130%га чейин өсүшү мүмкүн. Анын жабылышы мунай жана газдан өндүрүлгөн башка товарлардын, анын ичинде авиаотундун да баасына…

Кененирээк