Президент Садыр Жапаров жана Россиянын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги айрым темалар талкууланды. Мамлекет башчылар Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилешип, эки жактуу мамилелерди союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан аркы…

Кененирээк

“Эскерүү багы” акциясынын алкагында Манас шаарында 150 көчөт отургузулду

Манас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эл аралык “Эскерүү багы” акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Россотрудничествонун өкүлчүлүгү билдирди. Акциянын алкагында Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын Достук паркына 150 бактын көчөтү отургузулду. Иш-чарага жалпысынан 300гө жакын адам катышкан. Акцияга Жалал-Абад облусунун башчысы,Манас шаарынын мэри, Россиянын Оштогу башкы консулу, Россотрудничество жана “Кант” авиабазасынын өкүлдөрү катышты….

Кененирээк

Айрым бюджеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйтүлөт

Президент Садыр Жапаров бюджеттик тармактагы айрым кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду. 1-апрелден тартып:— Билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат, спорт жана социалдык коргоо тармагындагы кызматкерлерге 1 ставка үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт.— Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал, ошондой эле жарандык кызматкерлер үчүн 5 миң сом кошумча төлөм каралат. 1-сентябрдан…

Кененирээк

Эмилбек Балтагулов Жалал-Абад облустук филармониянын жетекчиси болуп дайындалды

Эмилбек Балтагулов Жалал-Абад облустук филармониясынын директорлугуна эмгек келишиминин негизинде 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды. 45 жаштагы Эмилбек Балтагулов 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолу искусство жана маданият тармагында ар тараптуу тажрыйбага бай. Ош мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенген. Чаткал районундагы маданият үйүндө көркөм жетекчи, Жалал-Абад облустук филармониясында артист жана…

Кененирээк

Кытай Кыргызстанга жасалма жамгыр жаадыра турган дрондорду берди

26-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков кытайлык «Цюаньибао» (Ханчжоу) маалыматтык технологиялар компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Кызматташуунун алкагында кытай тарап Министрликке кайтарымсыз негизде 12 даана учкучсуз учуучу аппаратты (дрон) өткөрүп берди. Бул жабдуулар айыл чарба иштеринде, анын ичинде өсүмдүктөрдү коргоо,…

Кененирээк

Кыргызстанда кремацияга 2040-жылга чейин тыюу салуу сунушталууда

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик иштеп чыккан. Азыркы мыйзамда сөөктү кремациялоого кылууга уруксат берилген, бирок өлкөдө бул үчүн керектүү инфраструктура түзүлгөн эмес. Агенттик белгилегендей, республикада крематорийлер жок. Ал үчүн каржылоо, экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо, ошондой эле коомдун маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу сыяктуу көп маселелерди чечүү зарыл. Мындан улам кремацияны…

Кененирээк

Бишкекте ысык суунун тарифи көтөрүлдү

Шаар мэриясы 1-марттан тарта жаңы баа менен эсептелерин кабарлады. Ал эми жылытуунун тарифи өзгөрүлгөн эмес. Бааны көтөрүү чечими Энергетика министрлиги тарабынан кабыл алынган.

Кененирээк

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча жолугушуу өттү

Жолугушууга кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын жетекчилиги, ошондой эле «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жол компаниясынын өкүлдөрү катышты. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоорунун алкагында курулуш аянттарында тоннелдерди казуу, жер иштери жана көпүрөлөрдү куруу уланууда. Бүгүнкү күнгө карата 3,5 млн куб метрден ашык жер казуу иштери бүткөрүлдү. Мындан тышкары, темир жол курулушу боюнча…

Кененирээк

Бишкекте 29 жаштагы бейтап бөйрөгүн акысыз алмаштырды

Операция Эне-баланы коргоо улуттук борборунда жасалган. Бейтап 12 ай бою программалык гемодиализ алып келген. Ага бир тууган агасы донор болду. Саламаттык сактоо министрлиги 2024-жылдын январынан бери мамлекеттин эсебинен 41 кишинин бөйрөк алмаштырылган. Жалпысынан 2018-2026-жылдары борбордо 83 трансплантация болду.

Кененирээк

Кыргызстандын калкынын саны 7,5 миллионго чукулдады

2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстанда туруктуу жашаган калктын саны 7 млн 413 миң 500 адамды түздү. Анын ичинен Бишкек шаарындагы калктын саны 1 млн 360,6 миң адамга жетти. Ош шаарында — 485,7 миң адам жашайт. Ош облусунда 1 млн 440,3 миң адам жашайт; Жалал-Абад облусунда 1 млн 381,8 миң адам; Чүй облусунда 983,7 миң; Баткен облусунда…

Кененирээк