Тиешелүү мыйзам долбоорун Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик иштеп чыккан. Азыркы мыйзамда сөөктү кремациялоого кылууга уруксат берилген, бирок өлкөдө бул үчүн керектүү инфраструктура түзүлгөн эмес.
Агенттик белгилегендей, республикада крематорийлер жок. Ал үчүн каржылоо, экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо, ошондой эле коомдун маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу сыяктуу көп маселелерди чечүү зарыл.
Мындан улам кремацияны 2040-жылга чейин токтотуу сунушталды. Ага чейин крематорийлерди курууга жана ишке киргизүүгө тыюу салынат.

