Астана шаарында Чынгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган маданий иш-чаралар өтүүдө

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония Астана шаарындагы Калибек Куанышбаев атындагы Казак улуттук музыкалык-драма театрынын сахнасында Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган «Раймалы менен Бегимай» жана «Жамийла» этно-мюзиклдерин тартуулоодо. 17-март күнү театрдын сахнасында «Раймалы менен Бегимай» этно-мюзикли көрсөтүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри Нурбек Саясат, Кыргыз Республикасынын маданият,…

Кененирээк

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакча курулууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн курула турган «Үмүт чырагы» бала бакчасынын курулушуна мезгил кутучасын салды. “Бул курулуш биздин балдарыбызга болгон чоң камкордуктун белгиси. Өзгөчө балдар үчүн атайын шарттары каралган мындай чоң үмүттүн символу болгон бала бакчанын курулушу коомубуз үчүн да, ата-энелер үчүн да чоң кубаныч”, – деди…

Кененирээк

Бишкектин биринчи вице-мэри алмашты

Шаар башчысы Айбек Жунушалиевдин буйругу менен анын биринчи орун басары болуп Кубанычбек Иманалиев дайындалды. Буга чейин Бишкектин биринчи вице-мэри кызматын аркалап келген Мирланбек Байгончоков 17-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалган. Ал эми Кубанычбек Иманалиев 2023-жылдын февралынан 2026-жылдын февралына чейин Манас шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеген.

Кененирээк

Бишкекте мотоцикль, скутер жана мопед айдоочуларына карата ири рейддер жүрүүдө

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы билдирди. Иш-чаранын максаты — жол коопсуздугун камсыз кылуу жана кырсыктардын алдын алуу. Рейд учурунда айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол эрежелерин сактоо эскертилүүдө. Документтери жок же техникалык талаптарга жооп бербеген транспорт каражаттары үчүн протокол түзүлөт. Адистер эки дөңгөлөктүү транспортту мыйзам бузуу менен колдонуу кооптуу экенин эскертип, айдоочуларды эрежелерди так сактоого…

Кененирээк

ИИМ Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас суракка чакырылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев милицияга суракка чакырылганы тууралуу маалыматты төгүндөөдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Султан Макилов «Азаттыкка» билдирген. Ал «Кыргызнефтегаз» ишканасы боюнча иш козголгонун ырастап, анын алкагында бир нече адам суракка чакырылганын маалымдады, арасында Тай-Мурас Ташиев болбогонун айтты. Буга чейин…

Кененирээк

Кыргызстанда кадрларды даярдаган борбор куруу пландалууда

Бул тууралуу ЕАЭБ ишкерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, мындай борбор ички жана тышкы рынокко ылайыкталган кадрларды окутат. “Бизге келген чет өлкөлүк адистердин айрым квалификациялык деңгээли керек. Ошондой эле тилди, өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрүнөн кабары болушу зарыл”, — деди ал биздин маалымат борбордо. Ибраев бул жумушчу күчтүн сапатын жакшыртып, эмгек ресурсун экспорттоого мүмкүнчүлүк…

Кененирээк

Ташиевдин уулу «Кыргызнефтегаз» иши боюнча айыптоолорго жооп берди

Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Салык кызматынын «Кыргызнефтегаз» боюнча айыптоолорун четке какты. Анын айтымында, «Мока Групп» компаниясы акыркы беш жылда ишкананын продукциясынын болгону 1,53%ын гана сатып алган жана бардык салыктарды төлөгөн. Ал монополия тууралуу маалыматтарды “жалган” деп атады. Ошол эле учурда тергөө органдары коррупция беренеси менен кылмыш ишин козгоп, мамлекеттик ишканада мыйзамсыз схемалар болгон болушу…

Кененирээк