ИИМ Камчыбек Ташиев сурак берип жатканын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 19-мартта Кыргызстанга учуп келип, Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатат. Маалыматка ылайык, Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берип жатат. Анын бири — «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу. Экинчиси тууралуу маалымат берилген жок.

